Акциянын алкагында Ленин районунун башчысы жана райондун ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү райондун муктаж болгон тургундарына азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү азыктар түрүндө жардам көрсөтүүдө.

Бүгүн, ыйык айдын биринчи күнү Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Ленин районунун аймагында жашаган көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кыдырып, мусулмандардын ыйык Рамазан майрамы менен куттуктап, үй – бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчаларын жана балдарга таттууларды тапшырды.

Бул акция ыйык Рамазан айынын аягына чейин уланып, чындап муктаж болгон ар бир адамга жардам көрсөтүлөт.