Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев “Ак-Ордо” жаңы конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жаңы конуштун тургундары менен таза суу менен камсыздоо, канализацияны куруу, футбол аянтчасын оңдоо, жолдорду жана тротуарларды асфальттоо, жол чырактарды орнотуу маселелерин талкуулашты.

Шаар  тургундарын  суу түтүктөрүн «Бишкексууканал» башкармалыгынын  балансына өткөрүү маселеси тынчсыздандырды.

Бардык маселелер боюнча аким райондук кызматтарга шаардыктардын көйгөйлөрүн тез арада карап, чечүүнү тапшырып, айрым кайрылуулар боюнча жер-жерлерге комиссиялык баруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, район башчысы тургундарды Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен тааныштырып, үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөөгө чакырды.