“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 5-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт.

Алсак, Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча дарыясы, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөлөрү менен чектелген аймактарда суу өчүрүлөт. Турак жай имараттары, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык объектилер, өнөр жай ишканалары суусуз калат.

Ошондой эле “Красный строитель”, “Ак-Тилек”, “Көлмө”, “Алтын бешик”, “Салам Алик” конуштарында дагы суу өчүрлөт.

Бул «Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын  суранат.