29-марттан 3-апрелге чейин Белградда (Сербия) бокс боюнча “Belgrade winner memorial Tournament” эл аралык турнири өттү.

Спорттук иш-чарага дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандын мушкерлери катышты.

Биздин спортчулар - олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин окуучулары согуш өнөрү боюнча байгелүү орундарга ээ болушту:

- Бекжигит уулу Өмүрбек - 1-орун (80 кг);

- Сейдакматов Санжай - 3-орун (57 кг).


Борбор калаанын мэриясы спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.