Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун салтка айланган кыдыруусу уланууда. Жөө кеңешмелер эң эффективдүү жана көп маселелер жеринде чечилет.

Район башчысы Ала-Арча суусунун боюндагы Медеров көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки тротуарды көрүп чыкты,  500 метр узундукту түзгөн тилкени көрктөндүрүү маселеси жеринде талкууланды.

Андан соң Л.Толстой көчөсүнө бет алдык, Фатьянов көчөсүнөн төмөн жайгашкан  тилкеде нөшөрлөп жамгыр жааган убакта тротуарды суу каптап кеткен. Ирригация куруу маселесин акимчилик карайт. Айтмакчы, бул аймак быйылкы титулдук тизмеге кирген эмес.
Абай жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн аралыгында жайгашкан Скрябин көчөсүндө жарыктандыруу жок, аким бул маселе боюнча  «Бишкексвет» МИге лампаларды орнотууну карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, текшерүү Эркиндик бульварын бойлой өтүп, анын жүрүшүндө бизнес өкүлдөрү менен жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө имараттардын сырткы келбетин (фасад) талапка ылайык келтирүү жана мыйзамсыз тосмолорду демонтаждоо маселеси көтөрүлдү.

Жөө жүрүштөр уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын турмуш-тиричилигине байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.