Шаардыктардын  коопсуздугу жана шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн мыйзамсыз туташкан электр өткөргүчтөрүн толугу менен алып салуу иштери башталды.

Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун тапшырмасы менен акимдин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Чыңгыз Байсовдун баш калаадагы байланыш жаатынын кызматкерлери менен биргеликте «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы, «Түндүк электр» ААКсы, «БШТБ» ишканасы тарабынан мыйзамсыз туташкан зымдарды текшерүүгө алышты.

Эмен паркындагы, Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы жана Эркиндик бульварындагы зымдар алынып, инвентаризациядан кийин байланыш жаатынын кызматкерлери ал жердеги интернет зымдарын иретке келтиришет.

Негизинен балмуздак жана суусундуктарды сатуучу түйүндөрдө электр энергиясына уруксатсыз туташканы боюнча мыйзам бузуулар аныкталган.

Жалпысынан 500 метрге жакын мыйзамсыз туташкан зымдар алынды.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын турмуш-тиричилигине байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.