Биринчи май акимчилигинде жолдорду оңдоо боюнча райондук штабдын отуруму өттү.

Жыйынды турак жай-коммуналдык чарба боюнча акимдин орун басары Чыңгыз Байсов шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрдү.

Жыйында 2021-2022-жылдарга Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун  экинчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Биз жолдорду реконструкциялоо иштерине тоскоол жараткан объектилерди демонтаждоо маселесин талкууладык.

Жыйынтыгында түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөргө оңдоо иштерине тоскоол жараткан көчөлөрдү аныктоо, имараттарды жана объектилерди бузуу же демонтаждоо иштерин активдештирүү жана инженердик-коммуналдык кызматтарга жол жумуштары башталганга чейин инженердик тармактарды даярдоону аяктоо тапшырылды.

Эске салсак, Биринчи май районунун аймагында 2021-2022-жылдарга жалпы узундугу 14,3 чакырымды түзгөн 13 көчөнүн жолдорун реконструкциялоо каралган.

2021-жылы узундугу 12 км түзгөн 11 көчөнүн ичинен 6 көчө оңдолуп бүткөн, 5 көчөдө оңдоо ищтери кайра жанданды.