Биринчи май акимчилигинде башчынын орун басары Аида Рысбаеванын жетекчилиги  алдында Пробация кеңешинин кезектеги отуруму өттү.

Пробациянын кардарларына жардам берүү маселеси бүгүнкү күндө бүтүндөй коом үчүн абдан актуалдуу жана маанилүү, алар бардык багыттар боюнча жардамга жана колдоого муктаж.

Отурумдун жүрүшүндө пробациянын 3 кардар боюнча каралып, талкууланып, алар үчүн медициналык кызмат көрсөтүү, балдарды бала бакчага жайгаштыруу, гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле турак жай менен камсыздоо чечими кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча Биринчи май районунун тиешелүү аймактык органдарына тапшырмалар берилди.
Бекитилген планга ылайык, Биринчи май райондук пробация кеңеши кварталда бир жолу өткөрүлөт.

Маалымдама: Пробация – сот тарабынан белгиленген пробация мөөнөтүнө соттолгон адам атайын органдардын көзөмөлүнө алынуучу шарттуу жазанын түрү.