Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө»кодексине ылайык, «Умай» (Глобус гипермаркети), «Кыргызгеолтехкомплект» (П. Лумумба көч.), «Ротанг» (П, Лумумба көч. № 76), Чүй мамлекеттик суу чарба башкармалыгы (Кирпичная көч. № 71), «Башат курулуш» (Сүйүнбаев көч. 123) ишканаларына 13 миң сомго айып пул салынды.

115-берененин 2-бөлүгү менен өндүрүш калдыктарын таштагандыгы  үчүн Чүй проспектисинде жашаган шаар тургуну Асанова А.га 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.