“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасындагы троллейбустардын паркка келүү графиги саат 22:00гө чейин белгиленген.

Андан соң троллейбустарда санитардык тазалоо иштери, техникалык текшерүүлөр жүрөт.

Троллейбустар таңкы саат 5:00дөн баштап шаарга чыгат. Айдоочулардын нөөмөттөрүн алмаштыруу убактысы 14:00дөн 15:00гө чейин.

Жалпысынан ишкананын балансында 183 троллейбус шаардыктарга кызмат кылат.