Бүгүн дүйнөлүк ден-соолук күнүн майрамдоонун алкагында "Ынтымак" паркында ден-соолук акциясы уюштурулду.

Шаардыктар үчүн АИВге тест тапшыруу, кандагы канттын деңгээлин, басымын өлчөө, дарыгерлердин кеңешин алуу үчүн экспресс-лабораториялар жайгаштырылды, ошондой эле тамекини таштоо ыкмалары, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, COVID-19 каршы эмдөөнүн пайдасы темасында бир катар лекциялар уюштурулду.

Мындан тышкары, иш – чаранын катышуучулары шаарды жашылдандырууга басым жасап, паркка 70 Крым карагайлары отургузулду.

Белгилей кетсек, ден соолук акциясына борбордун жашоочулары, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР ИИМинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын, Кыргызстандын Кызыл Жарым айынын кызматкерлери, ошондой эле БУУ агенттиктеринин жана Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү катышты.  

Маалымдама:

1948-жылы 7-апрелде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун конституциясы күчүнө кирген. Бул дата уюмдун туулган күнү болуп эсептелет жана жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү катары белгиленет. ДСУнун конституциясы ден соолук укугун расасына, динине жана социалдык абалына карабастан ар бир адамдын ажырагыс негизги укугу катары тааныйт. Ден-соолук-бул толук физикалык, психикалык жана социалдык жыргалчылыктын абалы.