Биринчи май райондук администрациясы диний мекемелерди толук кандуу текшерүүнү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 11 мечитте укук белгилөөчү документтердин болушу, санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы, ыйык Орозо айында таравих намазы жана жума намаздары күндөрүндө беткап режими жана социалдык аралыктын сакталышы текшерилди.

Ошондой эле экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн алдын алуу маселелерине токтолушту.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору  тарабынан 4 жазуу түрүндө  эскертүү берилип, 5000 сом өлчөмүндө айып салуу  менен 3 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 55 диний уюм жана конфессия катталган, анын ичинен 11 мечит, 22 намазкана, 2 медресе, 2 Иегова жамааты, 18 диний объект бар.