Борбор калаанын Биринчи май районунда ирригациялык тармактарды тазалоо иштери толугу менен аяктады.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Абдрахманов, Горький, Медеров, Киев, Байтик Баатыр жана башка көчөлөрдүн жээгиндеги 95 698 погондук метр тазаланды. Учурда Батыш ЧЧКнын боюндагы коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Уркуя Салиева атындагы аянтка, Чернышевский атындагы китепкананын аянтына жана Пушкин көчөсүнө 50 миңден ашык жандуу тосмолор отургузулду, ошондой эле гүлдөрдү  отургузуу үчүн гүлзарларды даярдап жатабыз.