Департаменттин адистери кичиавтобустук каттамдардын бекитилген кыймыл чиймелеринин өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүштү.

Натыйжада 4 ташуучу ишканаларыдын каттамдарынан бекитилген кыймыл чиймени бузгандыгы аныкталып, аларга 192-берененин биринчи бөлүгүнүн «Башка бузуулар» боюнча 14 000 сомдон айып салынган:

- «Байшам-Транс» ЖЧКсы - №220, №138 каттамдар;
- «Восточный экспресс» ЖЧКсы - №211 каттамы;
- «Спэйсталс» ЖЧКсы - №134 маршруттук каттам;
- «Ак-Ниет-Транс» ЖЧКсы - №166 каттам.

Автобустар, троллейбустар, кичиавтобустар үчүн бекитилген кыймыл чиймесин өзгөртүп жүрүүгө тыюу салынарын эскертебиз.

Айдоочуларга көңүл бурбаганы үчүн протокол түзүлүп, айыптар салынып, жеке ташуучуларга келишим бузулганга чейин тиешелүү чаралар көрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан кетирилген мыйзам бузуулар жана башка маселелер боюнча төмөнкү ишеним телефонуна кайрылууңуздарды суранабыз: 0(312) 53-36-48, 0(502) 205-202.