“Бишкексууканал”  өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 12-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин борбор калаанын борбордук бөлүгүндө суу болбойт.

Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда суу берүү токтотулат.

Бул Тоголок Молдо атындагы суу алгычта жана шаардагы суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.