Борбордун коомдук тамактануу ишканалары жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

"ANT'S" кафеси өз каражаттарынын эсебинен 300 даана тосмо көчөттөрүн жана 6 кг көк майдан үрөнүн сатып алды, борбордогу Бишкекжашылчарба МИнын багбандары көчөт отургузууга жардам беришти.

«3 комнаты» кафеси 600 даана тосмо көчөттөрүн жана 7 кг көк майдан үрөнүн сатып алса, отургузууга Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана акимчиликтин кызматкерлери жардам беришти.

"Борусан Макина Кыргызстан" компаниясы Октябрь районунун Тунгуч кичи районунун скверине 20 карагай отургузду.

Свердлов районунун аймагында "Бакдолот " КФ тарабынан Шабдан Баатыр проспектиси боюнча 370 көчөт - 250 эмен жана 120 туя отургузулду. Аламедин-1 жана Учкун кичи райондорунун жаштар канаты №38 орто мектебинин жанына 30 ак кайың  тигишти.

Борбор калаанын мэриясы борборду жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирет.