"Бишкекжашылчарба"муниципалдык ишканасы борбор калаанын гүлзарларына бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады.

Сальвия, тагетес, петуния жана башка көптөгөн кооз гүлдөр Жеңиш аянтына, Байтик-Баатыр - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине, Малдыбаев көчөсүнө жана шаардын башка жерлерине отургузула баштады.

Гүлзарлар улуттук орнамент, жылдыздар, ошондой эле символикалык даталар түрүндөгү композицияларга толот. Гүлзарлардын эскиздери Бишкек жашылчарбанын ландшафттык дизайнерлери тарабынан түзүлөт.

Белгилей кетсек, быйыл шаарга 800 миң бир жылдык гүл отургузулат. Жыл сайын кооз гүлдөп туруунун негизги артыкчылыгы-бир эле мезгилде вегетация циклин толугу менен өткөрүп, жай бою гүлдөп туруу менен көздү кубантуу.

Борбор калаанын мэриясы шаардыктардан гүлдөргө аяр мамиле жасоону жана аларды жулбоону суранат. Гүл уурдоого шектенүү болгон учурда милицияга кайрылсаңыздар болот.