Бишкек мэриясы "Ынтымак" паркындагы дааратканалар эмне үчүн убактылуу пайдаланууга жеткиликсиз болуп калгандыгын түшүндүрөт.

"Ынтымак" паркынын жанындагы дааратканалар тейлеген кызматкерлер түшкү тамактанууга кеткендиги үчүн убактылуу жабылды.

Азыр парктын бардык ыңгайлуулуктары  шаардыктардын пайдалануусу үчүн ачык, ошондой эле парктын кызматкерлери арасында профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.