Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун жөө жүрүшү уланууда. Жөө кыдыруу эң эффективдүү жана көп маселелер жеринде чечилет.

Бул жолу текшерүү №14 МАБдын аймагында өттү.

Кулиев көчөсүнө жана Кеңеш көчөсүнө канализация куруу, Асанабил фондунун эсебинен таза суу түтүктөрүн тартуу, Мыскал көчөсүнө фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулушу боюнча маселелер талкууланды,  көчөлөрдүн чуңкурларын жамоо  боюнча Рижск көчөсү кароодон өттү жана Тифлис көчөсүндө жолдун үстүн тегиздөө зарылдыгы (грейдер) аныкталды.

Жөө жүрүштөр уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын турмуш-тиричилигине байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.