Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарын бир компания – “Экспресс-Строй KG” ЖЧКсы курат деген маалымат тараган.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясына «Экспресс-Строй KG» жоопкерчилиги чектелген коомунан Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин курулушуна подрядчы болуу сунушу түшүп, кепилдик милдеттенмелери берилген. Бирок Бишкек мэриясы бул компания менен келишим түзгөн эмес.

Ошону менен бирге, мектептерди куруу үчүн бардык сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына так ылайык жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Бул маселе боюнча кеңири маалымат кийинчерээк жарыяланат.