Шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Тартип бузгандарга чара көрүлүүдө.

Алсак, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, унаа жуучу  жайынын администратору А.Орунбаевага (Жетиген көчөсү №86), «Эки дос» фаст-фуду (Гоголь көчөсү №113) жана «Кап Строй Кей Джи» компаниясына (Жунусалиев көч. №184) 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып пул  салынды. Айрымдары бузууларды  мойнуна алуудан баш тартышкандыктан, иштери административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Жибек-Жолу №393 дарегиндеги жерди мыйзамсыз казгандыгы үчүн шаар тургуну А.Борисовго 179-берененин 2-бөлүмүнө ылыйык 5 миң 500 сом айып салынды. Күнөөсүн мойнуна алып, жеринде токтом чыгарылды.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.