Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти №260 кичиавтобустук каттамды тейлеген «Талкут» ЖЧКсы ташуучу ишкана менен келишимди үздү.

Буга «Талкут» ЖЧКсынын жетекчиси менен айдоочулардын ортосунда бир нече ирет чыр-чатак чыгып, ал өз кезегинде транспорттун каттамга  чыкпай калышына алып келген.

Департаментке айдоочуларга кысым болуп, жумушка киргизбей жаткандыгы тууралуу маалымат келип, адистер жерине барып экспертиза жүргүзүшкөн, бирок айдоочулар табылган эмес. Ал ортодо депаратменттин  имаратына 30га жакын айдоочу келип, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүүнү талап кылышкан.

Депаратамент  директору тараптардын чыр-чатактарынын себептерин жана мүмкүн жарашуусун кенен билүү үчүн ишкананын жетекчиси М.Жекшеновго телефон чалып, тилекке каршы, айдоочулар сүйлөшүүдөн баш тартышкан. Буга байланыштуу жарандарды тез арада транспорт менен камсыз кылуу максатында келишимди бузуп, айдоочулар менен болгон бул линияны муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасына өткөрүү чечими кабыл алынды.

Эске салсак, бүгүн, 12-апрелде массалык маалымат каражаттарында Арча-Бешик конушундагы акыркы аялдамада эл көптөн бери транспорт күтүп жаткан видео жана сүрөттөр жарыяланган.