Биринчи май райондук администрациясы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жана Патрулдук милициянын жол көзөмөлдөө бөлүмү менен биргеликте Эркиндик бульварына жол белгилерин орнотту.

Эркиндик бульварынына Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө үч жол белгиси “Токтоого тыюу салынат” жана эки “Эвакуатор иштеп жатат” белгиси орнотулуп, азыр Эркиндик бульварынын сол тарабында эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынды.
Белгилей кетсек, акимчиликтин борбор калаанын кызматтары менен биргелешкен ишинин натыйжасында шаардыктардын жана жол кыймылынын коопсуздугу камсыз кылынды.

Ошондой эле, 5 соода түйүнүнүн ээлери менен түзүлгөн келишимдин алкагында бул белгилер Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орнотулду.

Эске салсак, буга чейин Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов белгилүү бир аймакта борборлоштурулган фудкорт уюштуруу боюнча ишкерлер менен жыйын өткөргөн.

Урматтуу айдоочулар, жөө жүргүнчүлөр! Жол эрежесин сактаңыздар жана өтө этият болуңуздар!