16-апрелден 17-апрелге чейин Gym-N-Roll спорт комплексинде СССР спорт чебери Камил Арслановдун жаркын  элесине арналган дзюдо боюнча жыл сайын өткөрүлүп келген эл аралык турнир өткөрүлдү.

Мелдеш 2008-2009-жылы туулган өспүрүмдөр  жана 2010-2011-жылы туулган балдар, 2008-2009, 2010-2011-жылдары туулган кыздар арасында өттү.

Бул турнирге өлкөбүздүн бардык аймактарынан 500дөн ашык жаш дзюдочулар келишти.

Турнирдин жүрүшүндө спорттук күрөш  боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген мектебинин тарбиялануучуларына расмий түрдө дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чеберинин күбөлүктөрү  тапшырылды:
- Иличбек уулу Нурсалимге;
-Алмазжан уулу Тегинге;
-Ишенбаев Анарбекке.