“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын фонтандарын жууп, таштанды евроконтейнерлердин дөңгөлөктөрүн алмаштыруу боюнча сезондук иштерди баштады.

Дөңгөлөктөрдү алмаштыруу иштери ишкананын жол тейлөө бөлүмүнүн өтүнүчү боюнча түзүлгөн график боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин 2 күндө 89 дөңгөлөк калыбына келтирилген. Талаптарга ылайык, 450дөй контейнерди калыбына келтирүү пландалууда.

Абдрахманов көчөсүнүн боюндагы “Күн балыктары” фонтанын да жууп тазалоо  уланууда. Жакында шаардык кызматтын кызматкерлери башка комплекстерди тазалоого киришет, бардыгы болуп ишкананын балансында 16 фонтан бар, алар төмөнкү даректерде жайгашкан.

1. Ала-Тоо фонтаны, каптал чөйчөктөрү;
2. Ала-Тоо фонтаны, борбордук чөйчөк;
3. Тарых музейи, борбордук чөйчөктөрү;
4. Тарых музейи, каптал чөйчөктөрү;
5. Өкмөт аянтындагы фонтан;
6. Эмен паркындагы 25 чөйчөк;
7. Токтогул атындагы фонтан, Абдрахманов-Пушкин көчөлөрү;
8. Революция катышуучуларынын фонтаны, Пушкин-Тыныстанов көчөлөрү;
9. Абдрахманов-Токтогул көчөлөрүнүн “Күн балыктары” фонтаны;
10. Москва көчөсүндөгү “Алтын балык” фонтаны;
11. Филармония, борбордук чөйчөк;
12. Филармония, түндүк чөйчөктөрү;
13. Улуттук университеттин маңдайындагы  Жаштар аллеясы,;
14. Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
15. Аска-Таш, Фучика-ЧЧК;
16. Ахунбаев көчөсү  Ата-Түрк паркы.