Борбор калаада ишкерлердин жана тургундардын шаардын жашоо-тиричилигине катышуусу боюнча иштер уланууда.

Биринчи май акимчилигинин жетекчилиги Bellagio Coffee, Pasha кебаб, BeverLee дүкөнүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  имараттардын сырткы көрүнүшү каралып,  фасадды оңдоо маселелери талкууланды. Имараттардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу демилгесин ишкерлер туура кабыл алып, демилгени колдоого даярдыгын билдиришти.

Борбор калаанын мэриясы борбордун көрүнүшүн жакшыртууга көрсөткөн көмөгү үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирет.