“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Манас проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарларды оңдоо иштери жүрүүдө.

Дыйкан көчөсүндө жолду асфальттоо иштеринин 70%ы бүтүп, калган бөлүгүнө асфальт төшөө иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сейил бакта таман таш төшөө үчүн тротуарларды даярдоо иштери жүргүзүлүп, сейил бакта ирригациялык тармактар алмаштырылды.

Мыскал көчөсүндө жол иштери 60%га бүткөрүлдү. Алтын- Ордо- 3 көчөсүндө  («Алтын Ордо» жаңы конушу) жолго асфальт төшөө иштери аяктап, жолдун эки тарабына сугат лотокторунун курулушу бүткөрүлдү,  азыркы тапта чыгыш тарабында тротуар куруу иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн көрсөтмөсү жана буйругуна ылайык, шаардын көчөлөрүнүн кесилиштеринде режим өзгөргөн учурда алдын алуу максатында күн сайын жол белгилерин ширетүү, оңдоо, алмаштыруу, орнотуу жана жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлөт.