Шаардык ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялоо борборунун кичи тобунун балдары М.Жангазиев атындагы куурчак театрына барып, «Шайыр светофор» спектаклин көрүштү.

Спектаклди көрүүдөн балдар көптөгөн позитивдүү эмоцияларды алышты, аларды борбордун мугалимдери жана ата-энелери коштоп жүрүштү.

Белгилей кетсек, балдар маданий оюн-зоок иш-чараларына: музейлерге, М.Жангазиев атындагы куурчак театрына, Ч.Айтматов атындагы орус драма театрына, эс алуу парктарына жана экскурсияларга байма-бай барып турушат.
Мындай иш-чаралар борбордун тарбиялануучулары үчүн салтка айланган.

Шаардык реабилитациялоо борбор жыл сайын Бишкек шаарында жашаган 100 ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлейт.