Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы Тунгуч кичи районундагы дүкөндөрдү жана күркөлөрдү алууда.

Жалпысынан 8 соода түйүнү алынууда.

Буга чейин жер тилкелерин берүү боюнча комиссия бул тилкеге келишимди узартпоо чечимин чыгарган. Комиссиянын чечиминин негизинде Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти  муниципалдык жерди ижарага берүү келишимин токтоткон.

Инспекторлор тарабынан объектилердин ээлерине бир нече жолу өз ыктыяры менен бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Бирок, тилеке каршы алар коюлган талаптарды аткарышкан эмес.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.