Биринчи май акимчилигинде жашы жете электердин арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле турмуштун  оор кырдаалына кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги отуруму өттү.

Жыйынга Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, райондук билим берүү борборунун директору, жалпы билим берүү уюмдарынын тарбия иштери боюнча жетекчилери, социалдык мугалимдер, балдарга жардам көрсөтүү борборунун жетекчилери, МАБ башчылары, үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары катышты.

Биринчи май райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү тарабынан аткарылган иштери тууралуу маалымат угулду. Үстүбүздөгү жылдын үч айында балдар иштери боюнча комиссиясынын 6 отуруму өткөрүлүп, 121 материал кароого жиберилген, 41 үй-бүлө менен иш алып баруу үчүн жеке иш планы  жана баланы коргоо боюнча  55 план түзүлгөн. Арыз ээлеринин социалдык-турмуштук шарттарына экспертиза жүргүзүү боюнча 61 акт түзүлдү.  Турмуштун  оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык жактан колдоо, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча 63 жаранга кңештер берилди. Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында МАБ жана кварталдык кызматкерлер менен биргеликте үйлөр кыдырылды.

1-кварталда 5 зомбулук фактысы катталып, анын ичинен 1 фактысы денеге залала келтирүү,   4 сексуалдык мүнөздөгү факт аныкталган, бардык фактылар боюнча баланы коргоо боюнча жеке пландар түзүлдү. Жыл башынан бери 10 рейд жүргүзүлүп, анын ичинен компьютердик клубдарга 3, кайырчыларга 4, иштеген балдарга 3 рейд жүргүзүлдү.

Райондун аймагында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган 5 факты катталып, алар боюнча балдарга психологиялык жардам жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, өлүм менен аяктаган 1 факты катталган.

Ошондой эле жарандык коом жана социалдык-медициналык жардам көрсөтүүчү уюмдар (Балдарды коргоо борбору, Балдарга жардам берүү борбору, Балдардын укугун коргоо лигасы, SOS Кыргызстан Балдар Айылы, ҮМБ, Республикалык психикалык ден соолук борбору, «Шанс» кризистик борбору, «Сезим» балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борбор, Балдарды социалдык адаптациялоо борбору, ЖААК) менен тыгыз байланышта кызматташууда.

Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу иш-чаралары туруктуу негизде жүргүзүлүп, РИИБнин маалыматы боюнча 27 кылмыш (уурулук, тоноо, каракчылык, алдамчылык, унаа уурдоо, денеге оор залал келтирүү) катталып, 7 материал сотко жөнөтүлгөн, ал эми калган 20 кылмыш боюнча аткаруу өндүрүшүн козгоодон баш тартылган.
Отурумдун жыйынтыгында протокол түзүлүп, кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.