Свердлов районунунда аз камсыз болгон жарандарды колдоо, ошондой эле кичи бизнести өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылуу максатында, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жарандардын ишкерлер менен жолугушуусу уюштурулду.

Баяндамачылар: Мыктыбек Арстанбек, Пышкин Денис, Өмүрканова Нурзада жана Ибрагимов Абдурашид. Финансылык көз карандысыздык боюнча өз тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-идеялар сунушталды, алар менен иштөө олуттуу финансылык инвестицияларды талап кылбайт.

Жыйынтыгында 4 адам сунуш кылынган долбоорлорго катышуу каалоосун билдиришип, аларга бизнес процесстерин ачууга жана уюштурууга көмөк көрсөтүлөт.