Жал-30 кичи районунун 43-үйүнүн тургундары райондун башчысы Русланбек Тагаевге Тыналиев көчөсүнө чейин тротуар салууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жашоочулардын кайрылуусунун негизинде Русланбек Тагаев «Манас» Кыргыз - Түрк университетинин биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев менен жолугушту.

Жолугушунун жүрүшүндө Тыналиев көчөсүнөн 43-үйгө чейин тротуар куруу жана үйдүн аймагын жашылдандыруу маселеси талкууланды

Өз учурунда биринчи проректор элдин турмушун жакшыртуу жана аймакты көрктөндүрүү үчүн биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирди.