Биринчи май районунда  РИИБнын милициясынын көчмө кабылдамасы салтанаттуу ачылыш аземи менен ишин баштады.

“Көлмө” жаңы конушунда өткөн  иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев, Биринчи май райондук акиминин биринчи орун басары Жээнбек Осмоналиев, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары – милициянын полковниги Тилек Түкебаев, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы М.Ниязалиев, акимчиликтин өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты.

Белгилей кетсек, жарандарды кабыл алуу милиция кызматкерлери тарабынан адистештирилген кичи автобуста жүргүзүлөт. Ошондой эле, зарылчылыкка жараша Биринчи май райондук администрациясынын, билим берүү борборунун жана социалдык өнүктүрү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелешкен иш сапарлары өткөрүлөт.