Шаар тургундарынын  коопсуздугу жана борбор калаанын көркүн жакшыртуу үчүн зымдарды толугу менен кесүү иштери башталды.
Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун тапшырмасы менен акимчилик, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жана Батыш РЭС ишканасы энергияга мыйзамсыз туташуулар боюнча текшерүү жүргүздү.

Кыдыруунун жүрүшүндө Эркиндик бульварында, Панфилов сейил багында жана Жибек-Жолунун боюнда балмуздак жана муздак суусундук сатуучу жайлардын ишкерлери тарабынан мыйзамсыз тартылган 2 миң метрге жакын кабель чубалгылары алынды.

Биринчи май районунун акимиаты ишкерлерди соода тартиптерин сактоого чакырат, антпесе КРдин  мыйзамдарына ылайык айып пул салынат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын турмуш-тиричилигине байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.