Биринчи май райондук администрациясында  Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча иштелип чыккан жобонун долбоору талкууланды.

Катышуучулар жобонун айрым пункттары боюнча сунуштарын, сын-пикирлерин айтышты.

Талкуунун жыйынтыгында маркумду эскерүүгө байланыштуу кошумча киргизүү, ал эми майда малды экиден ашык сойбоо сунушталды. Бул сунуш мэриянын кароосуна жиберилет.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Бул Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат.