Биринчи май районунда оюн-зоок кызматын көрсөтүүчү стихиялуу пункттар кайрадан жоюлду.

Биринчи май райондук администрациясынын экономика жана каржы бөлүмүнүн адистери “Тазалык” ишканасынын жана Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте борбордук Ала-Тоо аянтында  мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилерди жана оюн түйүндөрүн  демонтаждоо боюнча кезектеги рейд өткөрүштү.

Бул жолу 6 оюн-зоок курулмалары демонтаждалып, райондук администрациянын жана МАБдын  кызматкерлери тарабынан КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык протоколдор түзүлдү. 1 кварталда 25 мыйзамсыз объект демонтаждалды.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Акимиат аталган курулуштардын ээлеринен аларды мыйзамдуу түрдө атайын бөлүнгөн жайларда пайдаланууну бир нече жолу эскерткен, бирок, ага карабастан сатуучулар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет.

Урматтуу сатуучулар! Эрежелерди сактап, мындай курулуштарды атайын бөлүнгөн жерлерге жайгаштырууну суранабыз, антпесе КРнын «Укук  бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык айып пул салынат.