Штабдын ишине КР Финансы министрлигинин Биринчи май району боюнча башкармалыгынын, Биринчи май району боюнча МСКБ жана ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча МСКБнын өкүлдөрү катышты.

Штабдын мүчөлөрү 2022-жылдын январь-март айларындагы салыктардын жана салыктык эмес төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын жана 2022-жылдын 2-кварталында күтүлгөн көрсөткүчтөрдү карап чыгышты. Ошондой эле, Биринчи май районунун жергиликтүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткаруу жана киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча үстүбүздөгү жылдын биргелешкен иш планы талкууланды.

Ошондой эле ККМди киргизүү, Биринчи май районунун чарба субъектилеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелерине токтолушту.

Жыйындын жыйынтыгы менен салыктын түрлөрү боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жана райондо салык чогултуу жана ККМге кошулган чарбалык субъекттердин базасын көбөйтүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.