“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эми жаңы формада иштешет.

Жумушчулар үчүн ишкананын логотибинин сары, жашыл жана боз  түстөрүндө  тигилген 700 комплект форма сатылып алынды.

Кийим жол боюндагы кооптуу аймактарда нөөмөт учурунда жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн чагылдыруучу кездеме менен тигилген.

Форма кызматкерлерди тартипке салууга жардам берет, командалык духтун калыптанышына өбөлгө түзөт.