“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-апрелде саат 9:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат.

Төмөнкүлөр менен чектелген аймакта суу болбойт:

- Ала-Арча дарыясы - темир жол линиясы - Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;

- Жаш Гвардия - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү - Манас проспектиси;

- Дэн Сяопин проспектиси - Ала-Арча дарыясы - Бөкөнбаев көчөсү - Кулиев көчөсү - Москва – көчөсү-  Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.

Бул “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.