23-апрелде саат 14:00дө шаардык «Диалог» маданият үйүндө (Трудовая көчөсү, 4) «Бий деми» аттуу  кайрымдуулук бий фестивалы өтөт.

Фестивалды “Help The Children-SKD” коомдук кайрымдуулук фонду  Шаардык маданият үйү менен биргеликте уюштурууда.

Фестивалга хореографиянын бардык багыттары боюнча балдар, жаштар жана чоңдор бий топтору катыша алышат, мында катышуучулардын максималдуу жаш курагы чектелбейт. Фестивалдын бардык бий топторунун жетекчилерине Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин Ардак грамоталары каралган.

Ошондой эле Балдар өспүрүмдөр спорт мектеби (ДЮСШ) менен биргеликте,  аталган акциянын алкагында кичи залда балдар арасында шахмат боюнча турнир өткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерди фестивалга катышууга чакырабыз!

Бий топторунун мүчөлөрү 2022-жылдын 22-апрелине чейин каттала алышат. Бий фестивалынын катышуучусу үчүн төлөм: 200 сом  жана андан жогору.
Кошумча маалыматтарды көрсөтүлгөн телефон номерлери боюнча тактасаныздар болот: +996 (779) 550-405, +996 (770) 900-095 жана сайттан: deti.kg

Акция Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин колдоосу менен балдардын онкологиясына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө.
Түшкөн каражаттын баары онкология менен ооругандарга  жумшалат.