"Кыздар менен сырдашуу" долбоорунун алкагында жогорку класстын окуучулары үчүн семинар-тренинг уюштурулду.

Уюштуруучу Ленин районунун акимиаты болду. Катышуучулар үчүн Ак-Мөөр Ян - кыймылынын лидери #mamatyneodna, PR жана СMM адиси, жеке ишкерлер Д.Караханди, А.Дүйшебаева жана «Глобал Компас» ЖЧКсынын менеджери Г.Абласановалар сөз сүйлөштү.

Лекторлор мода бизнеси жана агробизнести өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары, социалдык медиа маркетингин кантип үйрөнсө болот, чет өлкөдө окуу жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө айтып беришти. Кыздар берилген суроолорго жоопторду угуп, баяндамачылар менен байланыштарды алмашышты.