2022-жылдын 27-апрелинде саат 10:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында жумуш издегендер, жогорку окуу жайлардын, колледждердин, кесиптик лицейлердин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш жана кесип жарманкеси өтөт.

Иш-чаранын максаты - жарандарды, билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле жарандарга кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат берүү,  иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү.

Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда 2000 бош орундарды сунуштай турган бош орундар жана кесиптер жарманкесине 50 компания чакырылган.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаары боюнча 3500 бош орун жана республиканын аймактарынан 1300 бош орундар Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан сунушталат. Жалпысынан 6 миңден ашык бош орундар сунушталат.

Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс интервьюларды өткөрүшөт, жарандар ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү кызматтары боюнча (ишке орноштуруу, кесиптик окуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар ж.б.), эмгек мыйзамдарына ылайык кеңеш ала алышат жана иш берүүчү менен маек курушат. Маектешүүдөн тез өтүү үчүн резюмени даярдоодо жана басып чыгарууда жардам көрсөтүлөт.

Кесибин тандоону чече элек мектеп бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт берүү боюнча кеңештерди ала алышат, кызыкчылыктарын жана компетенцияларын аныктоого жардам берген кесипке багыт берүү тесттеринен өтүшөт, жөндөмдүүлүктөрүн жана көндүмдөрүн ачкан кесипке багыт берүү оюндарына катыша алышат.

Бош орундардын жана кесиптердин жарманкесине билим берүү уюмдары да катышат. Жогорку окуу жайлары кызыккандарды өздөрү окутуп жаткан адистиктер, кесиптик лицейлер, жеке менчик окуу борборлору менен тааныштырып, алардын продукцияларынын жана буюмдарынын көргөзмөсүн жана дегустациясын өткөрүп, окуу курстарына кошумча көңүл бура алышат.
Иш берүүчүлөр менен жумуш издеген жарандардын башын бириктирген жумуш жана кесип жарманкеси өлкөнүн экономикасын чыңдоонун маанилүү бөлүгү.

Ошондой эле, бул иш-чара бизнес өкүлдөрүнө квалификациялуу талапкерлерди табууга жардам берет, бул бүгүнкү күндө компаниялар үчүн актуалдуу маселе.

Бул иш-чаранын уюштуруучулары – Кыргыз-Герман долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, JIA Бизнес Ассоциациясы, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү департаменти, Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик билим берүүгө көмөктөшүү», Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Федералдык Министрлигинин (BMZ) атынан Эл аралык Кызматташтык боюнча Германия коому тарабынан ишке ашырылган.

Бош орундардын жарманкеси ишканалар жана окуу жайлары үчүн да, жумуш издөөчүлөр үчүн да бекер өткөрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! Кошумча маалымат үчүн: 0502222982 – Гүлдана, Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын адиси, 0709 566 855 – Мээрим, JIA PR менеджери.

Жарманкенин жүрүшүндө белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, HR менеджерлери абитуриенттердин квалификациясын жогорулатуу максатында ар кандай темада мастер-класстарды өткөрүшөт.