Сүйүнбек Көчөрбаев «Тазалык» муниципалдык ишканасында 8 жылдан бери иштейт. Бул жылдар бою ал шаардын жыргалчылыгы үчүн ак ниеттүүлүк менен эмгектенди. Бирок анын үй-бүлөсүндө кырсык болуп, жалгыз кызы Нурзат ооруп калды. Ага өнөкөт гломерулонефрит (оор бөйрөк оорусу) деген диагноз коюшту.

«Кызым ооруп, андан улам бөйрөгү начарлап, тез арада эки бөйрөгүн алмаштыруу керек. Нурзат биздин жалгыз кызыбыз, абдан шайыр, боорукер адам. Ал ооруп жатканына карабай ишин улантып, коомго пайда алып келүүгө аракет кылууда. Абдан жаш,  жогорку билим да  алды. Өмүрү үчүн күрөшүүнү эңсеп келет.

Мен өзүм пенсионермин. Үй-бүлөбүздүн күчү менен операциянын суммасы биз үчүн оор. Мындан бир топ жыл мурун кызыбыз үчүн атайын Бишкекке көчүп келип, анын багуусуна жардам берип келебиз. Кызыбызды сактап калууга жардам бергиле», - дейт Сүйүнбек Көчөрбаев.

Учурда Нурзат кымбат баалуу гемодиализ (канды тазалоо) процедурасынан өтүп жатат, бирок толук айыгып кетүү үчүн операция керек, анын баасы 20 миң долларды түзөт.

Реквизиттер:
Оптима: 4169585359527552
kicb: 9417018573346673
Элсом: 0505 421 388
Бардык реквизиттер  Нурзаттын атасы  Сүйүнбек Көчөрбаевдин  атына жазылган.