«Элим барсыңбы» кайрымдуулук фонду «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 100 кызматкерине азык-түлүк баштыктарын таратты.

Эл өкүлдөрү тазалык кызматкерлеринин баа жеткис эмгегин белгилешип, алардын ак ниет эмгеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

Азык-түлүк баштыгына макарон, өсүмдүк майы, ун, жүгөрү, кесме, коюлтулган сүт, чай, томат пастасы, кант, күрүч жана гречка салынган.

“Тазалык” муниципалдык  ишканасынын жамааты “Элим барсыңбы” фондунун өкүлдөрүнө, ошондой эле “Сапат” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.