“Help The Children-SKD” коомдук кайрымдуулук фонду “Диалог” шаардык маданият үйү менен биргеликте “Бий деми” кайрымдуулук бий фестивалын өткөрдү.

Фестивалга хореографиянын бардык багыттары боюнча балдардын, жаштардын жана чоңдордун бий топтору катышты, мында катышуучулардын максималдуу жаш курагы чектелген жок.

Фестивалга катышкан бардык бий топторунун жетекчилерине Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын Ардак грамоталары тапшырылды.

Ошондой эле, аталган акциянын алкагында Балдар өспүрүмдөр спорт мектеби менен биргеликте кичи залда балдар арасында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Акция балдардын онкологиясына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Бишкек мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын колдоосу менен өткөрүлдү.