Биринчи май райондук администрациясынын демилгеси менен «Илбирс» имаратынын фасады жаңыланууда.

Фабриканын жетекчилиги бул демилгени колдоп, өз каражатына фасадды оңдоп жатат.

Келишим боюнча объектте подрядчы «АльпМонтаж» ЖЧКсы иш алып барууда.

Борбор калаанын муниципалитети “Илбирс” ишканасынын жетекчилигине борбордун көрүнүшүн жакшыртууга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.