Октябрь районунда балдар иштери боюнча   комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Жыйынга Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери, Октябрь райондук билим берүү борборунун, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, №6 ҮМБнун №3 ҮДТнын жетекчиси, SOS  балдар айылы үй-бүлөнү бекемдөө боюнча долбоорунун өкүлдөрү  катышты.

Комиссия жалпысынан 16 материалды карап чыкты, анын ичинен 8 жеке балдарды коргоо планы бекитилип, 4 материал каттоодон чыгарылган, 4 материал батирди сатууга уруксат алуу боюнча каралды.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз балдарга карата зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, райондук администрациялардын балдарды жана үй-бүлөнү колдоо телефонуна кайрылыңыздар:

- Биринчи май району: 0(312) 67-03-86;
- Ленин району: 0(312) 88-38-99;
- Свердлов району: 0(312) 53-05-76;
- Октябрь району: 0(312) 51-03-75.

Балдарга жардам борбору: 0(312) 54-29-34, 44-25-10, 44-25-74, (0555) 69-13-12.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин ишеним телефону: 111.