“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 28-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт.

"Баш-Кара-Суу" суу алгычында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Сарбан, а. Жал а.,  Жогорку Орок,  Кашкабаш а., 105-контурдун батыш тарабы, ТЭЦ-2 жаңы конушу, Жаңы Селекция району, Достук а., Ак-Ордо конушу  Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы,   Сокулук районундагы Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн үстүндө, Ак-Ордо конушу Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабында суу өчүрүлөт.


Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын ичүүчү суу камдап алууларын суранат.