Свердлов районунун акиминин салттуу кыдыруусу  уланууда.

Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков райондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча “Эне-Сай”, “Бакай-Ата”, “Дордой” жана “Дордой-2” конуштарында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган калктуу конуштарда канализациялык насостук станцияны (КНС) салуу менен канализацияларды орнотуу, ошондой эле асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борборуна  1840, 1850 кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp аркылуу 0554 182185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.