Борбор калаанын вице-мэри Бактыбек Абдиев жер-жерлерден тышкаркы жумушчу кеңешме өткөрүп, курулуп жаткан жолдордун жүрүшү менен таанышты.

Текшерүү Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти аркылуу “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 2-фазасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен оңдолуп жаткан көчөлөрдө жүргүзүлдү.

Жыйынга бул долбоорду ишке ашырууга бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Кытай тарап да катышты.

Кытай тарап көчөлөрдү реконструкциялоодо жаралган көйгөйлөрдү айтты.

Алсак, Арча-Бешик конушунун Жайыл-Баатыр көчөсүнүн Чортековдон Алыкуловго чейинки бөлүгүн оңдоонун алкагында курулуш линиясына түшүп калган үйлөрдү бузууну тездетүү, ошондой эле жеңил үйлөрдү демонтаждоо тапшырмасы берилди.

Манас көчөсүн бойлой, Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейинки тилкеде «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине бак-дарактарды кыйбай, жолду реконструкциялоо боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле, Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Орозбековдон Ибраимовго чейинки бөлүгүндө жолду реконструкциялоого тоскоол болуп жаткан «Роснефть» май куюучу жайын бузуу иштери тездетүү керек экендигин айтты.

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси Орозбеков-Панфилов жолун реконструкциялоо боюнча сунуш киргизүү зарылдыгы белгиледи.